Эксперт Азамат Аттокуров: "Премьер-министр улам бир салыкты ойлоп таппай, сыртка чыгып, инвестиция тартышы зарыл"

Өткөн аптада Орусиянын президенти Владимир Путин расмий сапары менен Ташкентке барган. Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Борбордук Азиядагы алгачкы атомдук электр станциянын курулушун баштап беришти. 11 миллиард долларга бааланган станцияны "Росатом" компаниясы курат.

SUPER.KG порталынын "ЕАЭБге кирбеген Өзбекстан миллиарддаган доллар инвестиция тартып, экспортун жогорулатууда. Аталган биримдикке кирген Кыргыз өлкөсүнүн колун эмне байлап жатат?" деген соболуна эксперт Азамат Аттокуров жооп берди.

Анын пикиринде, ЕАЭБ - Орусиянын колундагы саясий биримдик.

"Биз да ЕАЭБге кирбей эле соода кылсак болот. "Бул биримдикке кирбесек мигранттар кыйналат" деп коркутушкан эле. ЕАЭБ 10 жылда жоголот. Ал экономикалык эмес, саясий негизде түзүлгөн. Эркин соода боюнча товар жеткирип, иштей берсек жарашмак. Дүйнөлүк соода уюмуна Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан жана Орусия да мүчө. ЕАЭБ - Орусиянын колундагы саясий биримдик. Азыр Орусия менен иштешүүдөн баары баш тартып жатышат. Ал өлкө ракеталары менен коркутуп, Түндүк Корея менен достошуп, тентек баладай түр көрсөтүүдө.
Эми Орусия Өзбекстанды кызматташ кылайын деп жабышып жатат. Бул инвестициялардын максаты ошол эле. Өзбекстанда курулуп жаткан атомдук электр станциясы Азия чөлкөмү үчүн кооптуу. Иштетүүдө маселе чыкса чоң көйгөй жаралат. Анын курулуп бүтүшү да азырынча күмөн.
Өзбекстан жабык өлкө болчу. Либерал президент келди деп баарынын кызыгуусу артты. Аталган өлкөдөн жакында эле келдим. Күндө форум болуп, мыйзамдар тынымсыз алмашып, мамлекет жаңыланып жатат. Жакынкы 10 жылда Өзбекстан Орто Азияда лидер болот.
Бизде болсо экономикага премьер-министр жооптуу. Инвестиция тартуу ошонун иши. Ал ички базардан акча издебеши керек. Улам бир салыкты ойлоп таба берсе көмүскө экономика өсөт. Сыртка чыгып, инвестиция тартышы зарыл", - деди Аттокуров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Эльвира Сурабалдиева, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, экономика илимдеринин докторлору Төлөнбек Абдыров, Айылчы Сарыбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан