
Замбияда тездик менен көбөйүп жаткан 2 миңге жакын бегемот атып өлтүрүлөт. Бул тууралуу Замбиянын туризм министри
Чарльза Банду билдирген.
Белгилүү болгондой, бегемотторду башка жакка көчүрүү үчүн каражат жок.
"Бегемоттор байыр алган Луангва суусунун деңгээли түшүп кеткен. Аталган суу тездик менен көбөйүп жаткан бегемоттордун баарын өзүнө батыра албайт. Ал эми аларды башка жакка көчүрүү үчүн көп акча талап кылынат. Түштүк Луангва паркында 13 миңден ашык бегемот бар, бирок аталган аймак 5 миңге жакын гана бегемотко эсептелген", - деп билдирген Банду.
Жаныбарларды өлтүрүү жөнүндө өлкө бийлиги биринчи жолу айтып жаткан жок. Бул тууралуу алар 2016-жылы эле билдиришкен. Бирок британиялык "Born Free" уюму аларды өлтүрүү убактысын жылдырууну суранган.