Улуу Британияда 2021-жылы айдоочусуз таксилер ишке кирет

"Addison Lee" компаниясынын өкүлдөрү "Oxbotica" ишканасында эмгектенген ойлоп табуучулар менен биргеликте 2021-жылы Британияда айдоочусуз таксилерди ишке киргизүүнү пландашууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, таксилер менен бирге аймактын цифралык картасы дагы иштелип чыгат. Аталган картада көчөдө жайгашкан ар бир бак, белги жана аялдама белгиленет. Таксинин коопсуз кыймылы үчүн цифралык карта иштелип чыккан соң көптөгөн сыноолордон өтөт.

Жаңы технологиялардын жардамы менен алдыңкы 10 жылда коомдук транспорт таанылгыс болуп өзгөрөт. Ошондой эле алардын жардамы менен жолдордо болгон тыгындар азаят. Ал эми электр энергиясы менен жүрүүчү транспорттор экологиянын абалын жакшыртууга шарт түзүп берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан