
Дарыгерлер электрондук тамекилер адамдын өмүрүнө коркунуч туудурарын билдиришти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Бостондогу балдар ооруканасынын дарыгерлери азыркы тапта популярдуу болуп жаткан электрондук тамекилер жана вейптер адамдын организмине өтө чоң зыян келтирерин далилдешкен.
"Электрондук тамекилер жана вейптер адамдын ичине уулуу заттарды куйгандай эле зыян келтирет. Алардын организмге тийгизген таасири жөнөкөй тамекилерден да жогору. Мисалы, алардын курамындагы коргошун кан тамырлардын ичинде айланган кандын уюп калуусуна алып келет. Мындан улам көптөгөн оорулар келип чыгат", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле электрондук тамекини жана вейпти көп учурда жаштар чегип жатканы жалпы адамзаттын келечегине баңгизаттардай жана ВИЧ/СПИД оорусундай эле коркунуч туудурарын дарыгерлер белгилеп кетишкен.