
Германиянын Донаувёрт шаарында "Donau-Ries" деп аталган клиниканын 12 бейтабы гепатит С илдетин жуктуруп алганы аныкталган. Бул тууралуу биринчи билдирүүлөр өткөн жумада келип түшө баштаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн териштирүүлөрдүн натыйжасында бейтаптар ооруну жумуштан бошоп кеткен анестезиолог дарыгерден жуктуруп алышканы белгилүү болгон.
"Аталган ооруну жуктуруп алгандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн. Дарыгер 700гө жакын бейтапты операция кылууга катышкан. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп дарыгер бейтаптарга ооруну атайын жуктурганы же оору шалаакылыктын айынан жукканы аныкталууда", - деп жазылат маалыматта.
Клиниканын жетекчилиги дарыгер иштешкен бейтаптардын баарын текшерүүдөн өткөрүп, тийиштүү анализдерди берүүсүн суранып жатышкандыгын билдирген.