Японияда сакура дарагы өз убагынан мурда, тактап айтканда, жарым жыл эрте гүлдөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, жакында эле Японияда тайфун орун алган. Жылуу аба ырайы менен шамалдын айкалышынан улам сакура дарагы эрте гүлдөгөн. Учурда жүздөн ашык сакура дарагы гүлүн ачып, тургундарды таң калтырууда. Бирок бул дарактар жазында гүлдөй албайт.