2016-2017-жылы президент акыйкатчыны бир да жолу кабыл алган эмес

2016-2017-жылы акыйкатчы бир да жолу президентке жолуккан эмес. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева айтты.

Депутат Кенжебек Бокоев президент акыйкатчыны канча жолу кабыл алганына кызыкты.

Акыйкатчынын орун басары: "2016-2017-жылы акыйкатчы Кубат Оторбаевди бир да жолу кабыл алган эмес. Буга эмне себеп болгонун билбейм. Бирок акыйкатчы барып, кире албай келген", - деди.

Депутат Бокоев мыйзамга ылайык, акыйкатчы президентке түз кирип, чыкканга укугу бар экенин эскертти. "Бул жерде укуктарды коргоочу адамдын өзүнүн укугу бузулуп жатат", - деди Бокоев.

Акыйкатчы Токон Мамытов шайланганына бир ай болбой туруп эле президентке жолукканын билдирди.

Учурда парламенттик комитетте Акыйкатчы институтунун 2016-2017-жылдагы иштери боюнча маалымат талкууланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан