Кытайдын түштүгүндө дүйнөдөгү эң узун көпүрөнүн ачылышы болуп, ал колдонууга берилди. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеканалы жарыялады.
Маалыматка ылайык, узундугу 55 чакырымды түзгөн көпүрө Гонконг, Чжухай жана Макао аймактарын байланыштырып турат.
"Көпүрөнүн ачылышына Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин катышкан. Эми жергиликтүү тургундар жол жүрүүгө короткон убактысын үнөмдөшөт. Гонконгдон Чжухайга жетүү үчүн мурункудай 3 саат эмес, 30 мүнөт гана керектелет", - деп билдиришкен телеканалдан.
Деңиз үстүндөгү көпүрө жогорку технологиялык жабдуулар менен жасалгандыктан жердин 8 баллдык силкинүү күчүнө туруштук бере алат. Ал эми куруучулардын айтымында, көпүрө 120 жылга чейин кызмат кылат. Жаңы көпүрө толугу менен 24-октябрда колдонууга берилет.