Кыргыз өлкөсү 2019-жылы туристтер үчүн сунушталган 5 өлкөнүн катарын толуктады

Көл-ТөрКыргыз өлкөсү 2019-жылы туристтер үчүн сунушталган 5 өлкөнүн катарын толуктады. Аталган рейтингди LonelyPlanet порталы жарыялады.
Порталга жарыяланган маалыматка ылайык, жалпы тизмеге 10 мамлекет кирген. Биринчи орунда Шри-Ланка, экинчиде Германия, үчүнчү орунда Панама, төртүнчүдө Зимбабве, ал эми 5-орунга Кыргыз өлкөсү жайгашкан. Кыргыз өлкөсү туристтер арасындагы популярдуулукка сентябрь айында өткөргөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин жеткен.
Портал Кыргыз өлкөсүн тоолуу, аймактарды кыдырганга ыңгайлуу жана электрондук виза алууга ыңгайлуу өлкө катары сыпаттаган. Ошондой эле туристтер Кыргыз өлкөсүн адамдын буту баса элек табияты бар кооз өлкө катары жакшы көрүшөрүн баса белгилеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2018-10-23 18:48:33
Эгерде башка мамлекетке окшоп конул болсо, биринчи орунга чыкмакпыс. Эл озу аракет жасап конокторду кутот бизде.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан