АКШда арстандын ургаачысы 8 жылдан бери чогуу жашап келе жаткан эркегин муунтуп өлтүрдү. Бул тууралуу "The Guardian" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Индианаполис шаарында жайгашкан зоопарктардын биринде болгон.
"Зоопарктын кызматкерлери арстандар камалган жерден ырылдаган үндү угушкан. Алар келген мезгилде 12 жаштагы арстандын ургаачысы Зури 10 жаштагы Няк менен чабышып жатканын көрүшкөн. Зури Няктын моюнунан тиштеп туруп алган. Кызматкерлер аларды ажыратууга аракет кылышкан, бирок натыйжа чыккан эмес. Зури Няк кыймылдабай калгыча аны коё берген эмес", - деп жазылат маалыматта.
Атайын жүргүзүлгөн кароо Няк дем жетпей өлгөнүн аныктаган. Окуя болгон учурда арстандын балдары башка жерде болушкан. Зоопарктын кызматкерлери буга чейин Зури менен Няктын өз ара урушканын байкашкан эмес.