Балыкчы шаарынын Жусуп Абдрахманов көчөсүнө кыргыздын улуттук аспабы комуздун композициясы коюлду. Бул тууралуу Балыкчы шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, комуз Балыкчы шаарынын муниципалдык жашылдандыруу ишканасынын жумушчулары тарабынан жасалган.
"Жыл ичинде Балыкчы шаарына улуттук колоритти камтыган композицияларды орнотуу пландалууда. Бул иштин алкагында шаар борборуна ири комуздун инсталляциясы орнотулду. Аталган аспапты муниципалдык жашылдандыруу ишканасынын кызматкерлери 2 жуманын ичинде жасап бүтүштү", - деп билдирди маалымат кызматы.
Комуз жыгачтан жасалып, кылдын ордуна ысык, суукка чыдамдуу жип тагылган.