Канадада баңгизатты мыйзамдуу сатууга уруксат берилгенден кийин сатыктагы марихуана 2 күндө эле түгөндү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Марихуананы мыйзамдаштыруу программасынын жетекчиси Билл Блэр мамлекет элдин муктаждыгын канааттандыра албай калганын билдирген. Баңгизатты саткан дүкөндөрдүн алдында кезек күткөндөрдүн узун тизмеги пайда болуп, көпчүлүккө баңгизат жетпей калгандыктан, полиция кызматкерлери абалды көзөмөлдөп турушкан.
Баңгизат кайрадан сатыкка качан келери азырынча белгисиз.
Айта кетсек,17-октябрда Канадада жашы жеткендерге белгилүү өлчөмдөгү марихуананы сактоого, өстүрүүгө жана колдонууга уруксат берген мыйзам күчүнө кирген. Ошол эле күнү өлкө боюнча баңгизатты саткан 111 расмий дүкөн ачылган.
Мыйзамга ылайык, 30 граммга чейинки өлчөмдөгү баңгизатты алууга жана 4 түп марихуана өстүрүүгө уруксат берилген.