
Окумуштуулар Марс планетасындагы сууну жашоо-тиричиликте колдонууга болорун аныкташты. Бул тууралуу "Nature" журналы жазып чыкты.
Калифорния техникалык институтунун окумуштуулары Марс планетасындагы суунун жашоо үчүн жарамдуу экенин айтышууда.
"Марс планетасынан акыркы алынган химиялык анализдер, ал жакта аба катмарынын жок экенине карабай ландшафттын үстүндөгү сууда жетишерлик деңгээлдеги кычкылтек топтолгон. Атайын жабдыктардын жардамы менен Марс планетасындагы суу шакарга (жегич химиялык кошунду) бай экени жана 1 куб метр сууга 32 миллиграмм кычкылтек туура келери аныкталган", - деп жазылат маалыматта.
Аталган сууда микробдордун жана көп клеткалуу жандыктардын жашап кетүүсү толук мүмкүн экендигин окумуштуулар кошумчалашкан.