Кадамжай районунун Майдан айылындагы “Шамбесай” алтын кенинде бүгүн, 23-октябрда жаңжал чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Майдан айылынын тургуну Баатырбек Шумкаралиев билдирди.
Белгилүү болгондой мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү "Шамбесай" кенине иликтөө иштерин жүргүзүү максатында суу менен топурак алуу үчүн келишкен. Бирок жергиликтүү эл буга чейин изилдөө иштери жүргөнүн негиз кылып комиссия мүчөлөрүн кенге жеткирбей жолду тосушкан. Окуя болгон жерде тартылган видеодон милиция кызматкерлери аялдарды булкуп эки жакка түрткүлөп жатканын көрүүгө болот.
"Буга чейин эле изилдеп, элге зыяндуулугу бар экени аныкталган. Бүгүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылышты. Бирок алтын казылып алынса элге зыян экенин эл билет. Аны түшүндүрүүнүн кажети жок. Айылдагы алтынды казганга эл 100 пайыз каршы. Элдин укугун коргой турган адам табылабы? Ошол жерге чогулган элди күч колдонуп алып кетишти. Аларды камап коюшу мүмкүн эле. Биз барып аларды чыгарып келдик. Бул биринчи жолку окуя эмес. 10 жылдан бери ар кандай коркутуулар болуп келе жатат. Биздин мамлекетте элдин укугун коргой турган эч ким жок экени өтө өкүнүчтүү. Аким да, айыл өкмөт башчысы да кытайлар тарапта. Жалгыз эл - өзү менен өзү", - дейт Баатырбек Шумкаралиев.