Дүйшөмбү шаарында нике күбөлүгү жок жубайларды саунага киргизүүгө тыюу салынды

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында расмий түрдө никеге турбаган түгөйлөр эми сауналарга киргизилбейт. Бул тууралуу Азаттыктын тажик кызматы жазды.

Маалыматка ылайык, сауна кожоюндары эс алуу үчүн келген жуптар нике күбөлүгүн көрсөтүшү керек экенин тастыкташты. Ал эми аталган өлкөнүн ИИМинин маалымат катчысы бул эреже сауналарды сойкулук үчүн көмүскө жайларга айлантуунун алдын алуу үчүн киргизилгенин билдирген. Мындай тартип 22-октябрдан тартып иштей баштаган.

“Жаңы эреже тууралуу билген эмеспиз. Андыктан жаныбызда күбөлүк жок болчу, жубайым экөөбүз эрди-катын экенибизди далилдей алган жокпуз. Жуунбай үйгө кетүүгө туура келди. Сауна ээлери бул шаар бийлигинин талабы экенин айтышты”, - деген мындай тартипке туш болгон Дүйшөмбү шаарынын жашоочусу.

Сауналар менен катар мейманканалар да шаар бийлигинен эскертүү алгандыгы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bars88
2018-10-23 20:24:39
Бизде дагы ошентсе жакшы болот эле.Мейманканага дагы жолотпош керек никеси жокторду
+14
Adi.Avazbekov
2018-10-23 20:24:47
Jakshy myizam eken
+9
NURSAPAR
2018-10-23 20:50:45
Бизде ошондой болсо сауналар ачка калат го
+9
Asia3030
2018-10-23 20:57:27
Колдойм бул мыйзамды.Акаларибиздин башы иштейт.Молодец
+9
filis
2018-10-23 22:07:58
Бизге мындайдын кереги жок. Суйлошуп жургон кыз жигиттер кантип кире алышпайт.
-10
aibars
2018-10-23 22:21:28
filis, суйлошуп журуп ошол жакка кирип бозуп калат анан эркек сорой таштай качат. Анан куноосуз наристе торолот атасы ким экенин билбей.
+7
taalay25
2018-10-23 22:59:23
Гостиницага да ошондой талап коюш керек СССР маалындагыдай
+5
Sabette
2018-10-23 23:34:34
Туура кылат мындай мыйзам бизгеда керек!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан