ЭЛДИК КАБАР: Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде жол чырактар эки күндөн бери иштебей турат

Бишкекте эки күндөн бери иштебей турган жол чырактар тууралуу 23-октябрда ЭЛДИК КАБАРга WhatsАpp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

"Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсү кесилишкен жерде жол чырак эки күндөн бери иштебей жатат. Жолдун төрт тарабындагы 4 жол чырактын баары иштебей турат. Жөө жүрүүчүлөр дагы, унаалар да каалагандай эле өтүп жатышат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан