Окумуштуулар кофени дайыма ичкендер тери оорулары менен аз жабыркай турганын аныкташты

Кытайдын Циндао институтунун окумуштуулары кофени дайыма жана көп ичкендер беттин тери оорусу менен аз жабыркай турганын далилдешти. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, кофеин беттин өнөкөт тери оорусун (розацеа), кызаруусун, майда кан тамырлардын жооноюп кетишине тоскоолдук жаратат.

Циндао институтунун адистери узак убакыт аралыгында изилдөө жүргүзгөн. Изилдөөгө катышкан 82 миң 737 аялды алгач медициналык кароодон өткөрүп, ар бир катышуучунун оорулары эмнеден келип чыкканын аныкташкан. Окумуштуулар изилдөөнүн жүрүшүндө розацеа оорусу менен жабыркаган 4 миң 945 учурду аныктап, жабыркагандарга дайыма кофе ичүүнү сунуштаган. Натыйжада кофени көп колдонгон катышуучулардын оорусу өөрчүбөй, тескерисинче, оорунун белгилерин азайткан. Бирок окумуштуулар кофеин теринин өнөкөт оорусун толук айыктырбай турганын белгилешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан