Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына 31 жаштагы Азамат Жаманкулов көрсөтүлдү

Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов сунушталды. Аталган маалыматты SUPER.KG порталына парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, аталган тармактык комитеттин кезектеги жыйынында карайт.

Жаманкулов аталган министрликке караган Туризм департаментинин директору болуп 2015-жылдан бери иштеп келет.

Мурдагы министр Султан Жумагулов 8-октябрга караган түнү таңкы саат 4:00дөр чамасында ооруканада көз жумган. Ал көп жылдардан бери онкологиялык оору менен жабыркап, 4-5 ирет Түркиядан операция жасатып келген.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
azamat-1992kg
2018-10-25 21:54:36
Орун кут болсун! Куттуктайм! Бир мекемеде чогу иштеп калдык эле. Ишине ийгилик каалайм!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан