Германиянын Нойс шаарында өрт өчүрүү кызматында иштеген ыктыярчылар атайлап 13 жерде өрт уюштурушкан. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, өрт өчүрүү кызматында иштеген 3 ыктыярчы бир канча өрттү уюштурган. Бул тууралуу кылмышка шектүүлөрдүн бири айтып берген.
"Шаар ичинде өрт аз катталып жаткан. Ал эми ыктыярчылар өрт менен күрөшүүдө мыкты экендигин көрсөткүлөрү келген. Алар мотоциклдерди, жүк ташуучу унааларды жана үйлөрдү өрттөшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча алар 1 миллион еврого жакын чыгым келтиришкен", - деп жазылат маалыматта.
Ыктыярчылар айып төлөйбү же болбосо камакка алынабы азырынча белгисиз.