
АКШда 150 жыл мурун салынган баптисттик чиркөөгө чагылган тийип өрттөнүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, окуя Массачусетс штатында болгон.
"Мындан 150 жыл мурун курулган алгачкы баптисттик Уэйкфилд чиркөөсүнө чагылган түшүп, ал күйүп кетти. Курулуш эски болгондуктан окуя болгон жерде иштеген өрт өчүрүүчүлөр имаратты сактап кала алышкан эмес. Жыйынтыгында чиркөө толугу менен күйүп кеткен", - деп жазылат маалыматта.
Тилсиз жоодон жабыркагандар болгон эмес.