“Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов: “Кадрларды туура тандап, эл-жер үчүн иштетүү керек”

Улукбек Кочкоров 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, Сооронбай Жээнбековдун 10 атаандашынын бири болгон. Шайлоонун жыйынтыгында Кочкоров 6-орунду ээлеген. Бүгүн анын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына көрсөтүлгөнү белгилүү болду.

Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Дагы кайсы адамдар өкмөткө келиши керек деп ойлойсуз?" деген соболуна “Замандаш” саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов өз пикирин билдирди.

Молдокматовдун пикиринде, өкмөткө келип иштөөгө татыктуу инсандар көп, болгону кадр саясатын туура жүргүзүү керек.

“Улукбек Кочкоровдун социалдык өнүктүрүү министри кызматына көрсөтүлгөнүн мен абдан жылуу кабыл алдым, бул жакшы жөрөлгө. Мен бул адамды жакындан билген адам катары айтайын, ал билимдүү, ар бир маселеге дыкат, кылдаттык менен караган адам. Аны элдин социалдык маселесин жакындан билген адам катары тааныйм. Улукбек Кочкоров сыяктуу билимдүү, тажрыйбалуу инсандар мамлекеттик кызматта болушу абдан жакшы көрүнүш.

Биздин өлкөдө жигердүү, дымактуу даяр кадрлар абдан көп. Аларды туура тандап, тиешелүү кызматтарга койсо иштеп бергенге күчү жетет деп ишенем. Көп инсандардын арасынан бөлүп айтуу туура эмес болуп калат, бирок суроого жараша бир-эки инсанды белгилеп коёюн. Президенттик шайлоодо ат салышкан Таалатбек Масадыков, бул адамды коопсуздук тармагына коюп иштетсе болот деп эсептейм. Максат Чакиевди айтсам, ал туризм, маданият тармагы боюнча тажрыйбалуу. Японияда 10 жылдан ашык окуп, тажрыйба топтоп келген Сейтек Качкынбаев деген жигит бар. Ушуларга окшогон жигиттер көп, болгону кадр саясатын туура жүргүзүп тийиштүү кызматтарга коюп, эл жана жер үчүн иштетүү керек”, - деди Молдокматов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Айтмамат Назаров, Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, “Мекен ынтымагы” партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков, Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан