Кадамжайдагы Бирлик айыл аймагында мектеп окуучуларынын ортосунда массалык мушташ болуп, 2 окуучу оор жаракат алды. Бул тууралуу 24-октябрда ЭЛДИК КАБАРга байланышкан окурман билдирди.
"Кадамжай районуна караштуу Бирлик айыл өкмөтүнүн №29-Акбала Шамурзаев атындагы мектептин окуучуларынын арасында массалык мушташ чыккан. Анда 9,10,11-класста окуган 30дай окуучу (Сур айылынан) 11-класста окуган (Ормош айылындагы) 2 окуучуну сабап салышкан. Алган жаракаттарынан улам 2 бала өтө оор, эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Окуяга көп жылдан бери келе жаткан эки айылдын пикир келишпестиги себеп болгон", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.