КҮНСЕРЕП: Жээнбековдун атаандашы Улукбек Кочкоров өкмөткө кызматка чакыруу алды

Бүгүн, 24-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кечээ Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Майдан айылында "Шамбесай" алтын кенин иштетүүгө каршы нааразычылык акциясы өттү.

"Шамбесай" алтын кенин чалгындоо 2007-жылы башталган. 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Австралиялык “Зет-Эксплорер” компаниясы 2017-жылы ишин токтотуп, кенди 2020-жылга чейин иштетүү укугу кытайлык “Тианди” компаниясына берилген. Болжолдуу түрдө аталган кенде 8 тоннадай алтын бар. Кенди иштетүү боюнча нааразычылыктар бул жерде биринчи жолу болуп жаткан жок. Кенди иштетүү экологияга, элдин ден соолугуна зыян экени айтылып, бир нече жолу митинг өткөн.

"Шамбесай" алтын кенин изилдөө үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрүн нааразычылык акциясына келген тургундар жакшы кабыл алган жок. Жергиликтүү тургундардын каршылыгына карабай аталган комиссиянын өкүлдөрү ал жерден иликтөө иштерин жүргүзүү максатында топурак менен суу алып кетишти. Мындан улам милиция кызматкерлери менен жергиликтүү калк ортосунда тирешүү болду. Майдан айылынын тургуну Баатырбек Шумкаралиев алтынды казганга эл каршы дейт.

Интернет айдыңына милиция кызматкерлери митингге чыккан аялдарды сүйрөп баратканы тартылган видео жайылды. Бул көрүнүштү коомчулук сын менен кабыл алышты. Кадамжай райондук администрациясынын башчысы Жаныбек Исаков Майдандын эли эмес, жакынкы айылда жашагандар түшүнбөй туруп эле каршылык көрсөтүп башташканын айтты. Жаныбек Исаков элдин каршылыгынан улам милиция кызматкерлери комиссия өкүлдөрүнө элди тийгизбей чыгарып коюшканын кошумчалады. Баткен облустук ички иштер бөлүмү эч ким кармалбаганын билдирип, милиция кызматкерлеринин аялдарды сүйрөп кетип жаткандагы көрүнүш боюнча "алар тартипти сакташты" деп түшүндүрүштү.

Кен иштетүү маселеси жаралганда айрыкча аймактарда ошол жердин тургундары ызы-чуу менен коштолгон нааразычылыктарын билдиришет. Бул акыркы жылдары көндүмгө айланууда. Быйыл жаз айларында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда орун алган нааразычылыкта милиция кызматкерлери сабалып, "Жи Эл Макмал Девелопинг" компаниясына таандык имарат өрттөлгөн. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, 21 адам кармалган. Учурда алардын айрымдары убактылуу кармоочу жайда болсо, кээ бири үй камагында.

Нааразычылык акциясына чыккан эл көп учурда түшүндүрүү иштери жүрбөй, бийлик алардын үнүн укпай жатканын, алтын кенин иштетүүнүн зыяндуулугу тууралуу айтышат. Жергиликтүү бийлик нааразы элдин артында саясий күчтөр турат деп актанат. Инвесторлордун үнү мындай учурларда угулбай эле калат. Мындай окуялардын улам кайталанышы, албетте, өз кезегинде жалпы өлкөнүн инвестициялык климатына кесепетин тийгизет. Бирок ар шайлоодо түрдүү убада берип бийликке келген парламент да, президент да, бул жагдайды жөнгө салуу түздөн-түз милдети болгон өкмөт дагы кендерде кайталанган кемчиликтерге тыкыр көзөмөл жүргүзүү, элди жеке кызыкчылыктарына пайдаланып жаткан күчтөр менен күрөшүү, эң негизгиси – кендерди иштетүүдө ачык-айкындыкты камсыз кылуу өңдүү чараларды жетиштүү жасабай келет...

Улукбек Кочкоров премьер-министр тарабынан эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына сунушталды. Зууракан Каденованын чырынан уланган чуудан улам бул министрликтин жетекчилери толугу менен кызматтан кетишкен. Министрлик кызмат орду 2 аптадан бери бош турат.

Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин V чакырылышында “Ата Журт” фракциясынан депутат болгон. Былтыркы жылы өткөн президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин катарында Улукбек Кочкоров да бар эле. Кочкоров коррупция күч алганынан улам президенттик шайлоого аттанганын билдирген. Анын дебат учурундагы атаандаштары менен болгон талкуусу жана президенттик кызматта кылам деп койгон пландары коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынган.

Өкмөт башчыдан тышкары Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясы бул кызматка үч талапкерди сунуштап жаткан. Алар Экономика министрлигинде бөлүм башчы болуп эмгектенген Кыялбек Мукашев, социалдык өнүктүрүү тармагында аймактык жетекчи Бактыбек Кудайбердиев жана эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп 3 жыл эмгектенген Кудайберген Базарбаев.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов каза болгондон тарта бул орун дагы бош турат. Премьер-министр тарабынан бул кызматка аталган министрликтин алдындагы Туризм департаментинин директору, 31 жаштагы Азамат Жаманкулов сунушталды. Ал департаменттин директорлук кызматында 2015-жылдан бери иштеп келет.

SUPER.KG порталынын Күнсоболуна жооп бергендендин арасындагы "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Таалатбек Масадыковду коопсуздук тармагындагы, Максат Чакиевди туризм, маданият тармагындагы кызматтарга татыктуу деген пикирин айтты. Ал эми саясат таануучу Сейтек Качкынбаев өкмөт башчылык кызматта Иса Өмүркулов отурушу керектигин белгиледи. Анын айтымында, депутаттардын арасынан премьер-министр болсо, алар эл шайлаган, элдин элегинен өткөн адамдар.
Улукбек Кочкоровдун социалдык тармакта иштеген тажрыйбасы жоктугу, ал эми Азамат Жаманкуловдун министрлик кызмат үчүн курагы жаш экендиги интернет колдонуучулар тарабынан талкууга алынды. Акыркы учурда бийликтин кадр саясаты катуу сындалып келген, ошондон уламбы, аталган эки талапкердин тандалышын жактагандар да бар. Коомчулуктун утурумдук жылуу пикири учурдагы жалпы министрлер кабинетиндеги кырдаалды жеңилдетиши оор. Себеби Абылгазиев баштаган өкмөттүн отставкасы күтүлүп жаткан окуялардын катарынан чыгарыла элек, тескерисинче, акыркы күндөрү кайрадан көп айтыла баштаган сөзгө айланды...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан