"Forbes" журналы эң көп айлык алган теле актёрлорду атады

Белгилүү "Forbes" басылмасы эң көп айлык алган теле актёрлорду атады. Бул тууралуу басылма өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.

Журналдын эсептөөлөрү боюнча эң көп айлык алган теле актёрлордун тизмесинин сап башына Жим Парсонс жазылган. Ал "Теория большого взрыва" телесериалында Шелдон Купердин образын жаратып, жыл ичинде 26 миллион 500 миң доллар киреше тапкан.

Экинчи орунда ошол эле тасмада роль жараткан Жонни Галэки турат. Актёр жыл ичинде 25 миллион доллар айлык алган. Үчүнчү орунду да ушул эле телесериалда ойногон Саймон Хелберг жана Кунал Найяр бөлүп алышкан. Алардын тасмада жараткан эмгектери 23 миллион 500 миң долларга бааланган.

Ал эми алдыңкы 5 актёрдун тизмесин "Деңиз полициясы. Атайын бөлүм" тасмасында башкы ролду ойногон Марк Хэрмон жыйынтыктаган. Хэрмон 1 жыл ичинде 19 миллион доллар тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан