Европа парламенти бир жолу колдонулуучу желим идиштерди Евробиримдиктин аймагында колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Евробиримдиктин аймагында бир жолу колдонулуучу желим идиштерден сырткары пахта тактайчаларын жана суусундук ичүүчү түтүктөрдү да колдонууга тыюу салынган.
Май айында сунушталган тыюу салууга 571 депутат макулдугун билдирсе, 53 депутат каршы болгон. Бул дүйнөлүк океанды булгоо маселелерин жөнгө салуу үчүн кабыл алынган. Парламент мүчөлөрүнүн биринин билдиргенине ылайык, 2050-жылы океанда балыкка караганда желим буюмдар көп болот.
Дүйнө жүзү боюнча ар кандай сууларга жалпы 8 миллион тонна желим чачылат. Деңиз жандыктары сууга түшкөн желимдерди жеп өлгөн учурлар көп болот.