Кызыл-Кыяда кайнатасы менен кайненесин балта менен чапкан күйөө бала мечитте жашынып жүргөн жеринен табылды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында кайнатасын жана кайненесин балта менен чаап качып кеткен күйөө бала кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, күйөө бала Кызыл-Кыя шаарынын аймагында мечиттердин биринде жашынып жаткан жеринен милиция кызматкерлери кармаган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эске салсак, 23-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында Ош облусунун Ноокат районунун 26 жаштагы тургуну кайнатасынын үйүнө кирип, уктап жаткан кайнатасы менен кайненесин колдоруна жана баш сөөгүнө балтанын туюк жагы менен чаап, денелерине оор залал келтирип, окуя болгон жерден качып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
farida.kg.1991
2018-10-25 11:49:49
Туюк жагы деген не дегени кандай тушунсок болот ?
-7
taalay25
2018-10-25 11:52:30
farida.kg.1991,балтанын мизи эмес арты менен чааптыр
+7
farida.kg.1991
2018-10-25 12:03:48
taalay25,тушундум Рахмат
+1
elebes86
2018-10-25 12:35:15
Дагы канчасы кылмыш кылып, мечиттерде калп намаз окумуш болуп, мындай чыкканда ууру кылып, ушак суйлоп, калп айтып журушот. Кыргызстанга бугункудой жайнаган мечиттердин кереги жок. Мечиттер элдин билимин, ондурушту, экономиканы которбойт.
+15
Kychtyy
2018-10-26 12:49:55
elebes86, сенден бироо сурадыбы мечиттер керекби деп. Мечиттерди сен чонтогундон салып аткандай ичинди оорутупсунго. Ким мечит салса ал озунун калоосу менен акчасы менен салып атат. Мамлекеттен бир тыйын кетбей эле турат. Билим денгелди,экономиканы которгун келеби айт окмотко ошолор чечсин мечиттин не тийешеси бар. Милиондогон корупциялык акчалар мечит аркылуу кетип атабы. Ошону илимдуу билимдуу эле кудайдан коркбогон кыргыздарын жеп атабы. Богун кыйшайса деле динден коробересинерби
0
Kairat1996
2018-10-25 12:53:42
Мечиттер кобоюп, дин кучогон сайын заман бузулду. Сакал остуруп, динчил корунуп, тигини кыл, муну кылба, сыйын - деп элге акыл уйроткондор кобойду. Динге берилгендерге эч ишенбейм. Тушунуктору бир жактуу. Анан арам, харам деген созду модага айлантып алышкан.
+5
Kychtyy
2018-10-26 12:58:17
Kairat1996,замандын бузулганын динге шылтоолобой эле койчу. Динсиз деле заманын бузуку болчу. Бир жыргал жомоктогудай жашап атып диндин айынан тозоко тушуп калгандай кейипсинго. Динге ишенбесен ал озундун ишин. Бир созго асылып таза кыргыз болуп кеткен кыргызбайларга тан каласын. Биро эки адамды мас болуп олтуруп коеюн деп атат коменттер дин жонундо. Дин айтыптырбы ур деп.
-1
Dalil
2018-10-25 13:56:02
Мечиттен табылса эле динге берилген намаз окуган дегени эмес. Арак иче берип тажаткан күйөө баласы деп айтылып турса дагы динге мечитке асылгандарга жол болсун. Түшүнүгүңөргө тан берем да силердин
+16
Дарыгер
2018-10-25 16:38:29
Dalil, жакшы жооп жазыпсын.
0
Eldar6724
2018-10-25 14:51:28
Бечара озун кармай албайкалган го
0
Asylai88
2018-10-25 17:05:12
Жашына турган жерди тапкан экен канкор. Аялы деле жыргаганынан ажырашам дебесе керек эле айбан. Ата энесинде эмне куноо, ошондон коро озунду балталабапсын мээси жок.
+3
J1irg
2018-10-26 00:16:23
Кечеки эле кылмышкер турмодон чыгып, намазчы, азанчы болуп кетишет экен. Анан эле кудайчыл корунуп элге ыйман айта башташат. Бироону ушактап, жамандап, кайра мечитке барып кечире кор деп сыйына беришет.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан