“Өкмөт башчы чалдардын аракетинен чарчап, балдардын аракетин байкаган окшойт". Мындай пикирин депутат Рыскелди Момбеков парламент жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлиги каралып жатканда айтты.
Жогорку Кеңеште маданият, маалымат жана туризм министри кызматына 31 жаштагы Азамат Жаманкуловдун талапкерлиги да каралууда.
Момбеков: “Улукбек Тойчубаевич, бийликти сындаган жагынан эч кимди алдыга салган жоксуз да. Бүгүн эми иштейм деп келдиңиз. Бийлик өзгөрдүбү же сиздин позицияңызбы?"
Кочкоров: "Ар бирибиз сындарды туура кабыл алышыбыз керек. Мен да өз дарегиме айтылган сындарды туура кабыл алам. Буга чейинки сындар иштин кызыкчылыгында айтылган сөздөр болчу. Баарыбыз сыртта туруп алып, сын айтып отурбай, жапа тырмак аракет кылышыбыз керек. Мен эч кимди ортого салган жокмун. Мага да сунуш күтүүсүз болду. Премьер-министр кокустан эле чакырып, сунуштады. Айтып жүргөн сындарды ишке ашыруунун үстүндө иштейбиз".
Момбеков: "Жалгыз дарак бак болбойт. Жалгыз сиз менен өкмөттүн оңолуп кетишине ишенбейм. Буга чейин сиз маектериңизде "Жээнбеков чыныгы президент болсо, парламент тарашы керек" деген экенсиз. Бизди "баш көтөрбөгөн, жалтак, шорлуу парламент" депсиз. Эми ошол парламенттен колдоо сурап келдиңиз".
Кочкоров: "Былтыр да президенттик шайлоо алдында ар тараптан сунуштар түшкөн. "Бир кызматты сурап алып, бирөөгө эле жардам бербейсиңби" деп сунуштаган. Буга чейинки иштерге каршы болгом. Эки премьерибиз эмне болгонун көрдүңүздөр".
Момбеков: "ЖЭБ боюнча 5 эмес, 15 комиссия түзүлсө да пайда жок" деген элеңиз. Жыйынтык чыгып, баары камалып жатпайбы. Эми эмне дейсиз?"
Кочкоров: "Бали, дейм".