Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы, мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал 19-октябрда Орусиядан кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган. Илмияновго козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы азыркы күнгө чейин белгисиз. УКМКнын басма сөз кызматы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча эч кандай маалымат берилбей турганын айтышууда. SUPER.KG порталынын "Буга чейин мурунку чиновниктерге каршы козголгон кылмыш иштери коомчулукка кеңири жарыяланып келе жаткан. Илмияновдун ишинин сырдуулугу эмнеде болушу мүмкүн?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.
Анын айтымында, Илмияновго козголгон кылмыш ишинин келечеги жок.
"Илмияновго "алдамчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду деп кыскача маалымат берилди. Сүйлөшүп бүтүрүп койгонго боло турган берене деп айтса болот. Бул кылмыш ишинин келечеги жок. Эгерде оор берене менен кылмыш иши козголсо сүйлөшүүгө кыйын болмок. Кылмыш иши келечекте аягына чыкпай токтоп калат. Алдамчылык боюнча арыз жазган адамдар кийин сөзүнөн кайтып калышы мүмкүн. Коомчулукка так маалымат бербесе, демек, ичинде жашыруун маалымат болушу мүмкүн. Бирок, менин оюмча, укук коргоо органдары кайсы иш менен кармалганы боюнча толук коомго маалымат бериши керек. Толук маалымат берилбегени туура эмес", - деди Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Жунус уулу, Мирлан Жээнчороев, Руслан Казакбаев, экс-депутат Асия Сасыкбаева, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.