Фейсбук баракчасында жылаңач балдардын 8 миллионго жакын сүрөттөрү өчүрүлдү

Фейсбук социалдык тармагы өткөн кварталда 8 миллион 700 миң балдардын тыюу салынган сүрөттөрүн өчүрдү. Бул тууралуу социалдык тармактын коопсуздук боюнча жетекчиси Антигон Дэвис билдирген.
Маалыматка ылайык, өчүрүлгөн контенттин 99 пайызы колдонуучулар ага арыздана электе эле жасалма интеллекттин жардамы менен укук бузууга туура келери аныкталган. Жасалма интеллект жылаңач сүрөттөрдү анализдей алат. Өзгөчө нейротүйүн балдардын сүрөттөрүн дыкаттык менен карайт.
Бирок аталган демилге социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан бир жактуу кабыл алынган эмес. Алардын айрымдары модераторлор алардын көз карашы боюнча эч кандай укук бузууга жатпаган деле сүрөттөрдү өчүрүп салышкан. Мисалы, баланы сууга жуунтуп же эмизип жаткандагы сүрөттөр.
Ал эми Антигон Дэвис нейротүйүн бара-бара жакшыртыларын билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан