Италиянын Сондиро аймагында 1 миң 853 метр бийиктикте жайгашкан көл соолуп калды. Бул тууралуу "GreenMe" экологиялык онлайн журналы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Лаго Адзурро көлүнүн жок болуп кеткенин сүрөтчү Марко Пуглизе көргөн.
"Сууну үнөмдүү колдонуп, экология жөнүндө ойлоно баштасак жакшы болмок. Кечээ көлдүн абалын көрүп зээним кейиди", - деп билдирген сүрөтчү.