Акыркы 8 ай аралыгында Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон соода-сатыктын көлөмү 3,1 пайызга азайды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.
Анын билдиришинче 2016-2017-жылдары сырткы соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп келген.
"8 айдын жыйынтыгы боюнча сырткы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиапрд 481 миллион долларды түзүп, 3,1 пайызга азайган. Анын ичинен экспорт 387 миллион долларды түзүп, 5.1 пайызга көбөйсө, импорттун көлөмү 1 миллиард 94 миллион долларды түзүп, 6,2 пайызга азайган.
ЕАЭБге киргенге чейин 2015-2017-жылдарга ИДПнын көлөмү 7,5 пайыз күтүлгөн. ЕАЭБге киргенден кийин 2015-2017 жылдардагы ИДПнын көлөмү 3,4 пайыз деп болжолдонгон. ЕАЭБге киргенден кийин ИДПнын көлөмү 4,3 пайызду түзгөн", - деди Разаков.
2017-жылы сырткы соода 13 пайызга өсүп, экспорт 12,1 пайызды, импорт 12,4 пайызды түзгөн.