Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстанга иш сапары менен барган учурда Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы пенсияга байланыштуу макулдашууга кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Эгерде сүйлөшүүлөр оңунан чыкса, Орусиянын аймагында мыйзамдуу иштеп жүргөн Өзбек жарандары пенсия ала баштайт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, пенсия алуу үчүн жарандар эч кандай мыйзамдарды бузбай иштөөсү зарыл. Азыркы тапта макулдашууга кол коюла элек. Мамлекет башчылары мигранттар тууралуу маселелерди чечүүдө 2 өлкөнүн тең кызыкчылыктарын ойлошууда. Өзбекстандын аймагында Орусияга барып иштөө үчүн патент алуучу атайын борбор иш алып барат.
Өзбекстандык мигранттар Орусиянын бюджетине көп суммадагы акчаларды которушат. Жумушка патент алуу үчүн 20 миң рубль төлөшөт. Аталган патентти жыл сайын алып туруу керек.