Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун экс-төрайымы Элвира Жаркеевага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, экс-төрайымга карата биринчи кылмыш иши 2016-жылы козголгон. Анда Жаркеева Свердлов районунун сотунда иштеп жүрүп, мыйзамсыз өкүм чыгарган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган. Кылмыш иши козголгондон кийин өлкө башчы аны ээлеген кызматынан четтеткен болчу.
Учурда ага карата козголгон экинчи кылмыш иши дагы ошол эле 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча. Ошондой эле 328-берене (атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу) боюнча козголду.
"2016-жылы 15-август күнү Элвира Жаркеева карап жаткан ишинде тараптарды катыштырбай туруп, жарандык ишти Ч.Ю. аттуу Кытай жаранынын пайдасына чечип берип койгон. Андан сырткары А.Д. аттуу жарандын жазган арызын арткы дата менен каттаганы да аныкталган. Бул аракети үчүн ал акча каражатын алганы да белгилүү болгон. Бул фактынын негизинде "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал сыртынан айыпталып, издөө жарыяланган", - деп айтылат маалыматта.
Прокуратуранын маалыматына ылайык, бул аракеттердин баары издөөгө алынган Ч.Ю. аттуу Кытай жаранын кылмыш жоопкерчилигинен куткаруу үчүн негизсиз жасалып, өкүм чыгарылган. Кылмыш ишин иликтөө үчүн ал УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.