“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Талант Мамытов фракция ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ортосундагы соода-сатык маселесинин жабык каралгандыгынын себебин түшүндүрдү.
Депутаттын билдиришинче, жыйындын жабык өтүшүнө Кыргыз өлкөсүнүн айрым талаштуу позициясы биримдикке мүчө өлкөлөргө ачыкталып кетпешинин алдын алуу себеп болгон.
“Жыйын өкмөттүн демилгесинин негизинде жабык өттү. Ал биримдиктин ичинде Кыргыз өлкөсүнүн өзүнүн кызыкчылыктары бар. Мына ошолор массалык маалымат каражаттарына белгилүү болуп калбашы үчүн жыйынды жабык өткөрдүк. Анткени биздин позицияда дагы деле талаш-тартыш маселелер бар. Алар массалык маалымат каражаттары аркылуу биримдиктеги башка өлкөлөргө маалым болуп калбашы керек. Жыйында ЕАЭБге мүчө болгондон кийинки маселелер талкууланды”, - деди Мамытов.