Казакстанда ашыкча салмак менен жүргөн полиция кызматкерлерин өз ыктыяры менен жумуштан кетишин суранышат. Мындай пикирди өлкөнүн ички иштер министри Калмуханбет Касымов билдиргенин казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
"Биз полиция кызматкерлеринин кийип жүргөн формасын жөнөкөйлөштүрүп жатабыз. Акыркы жолу формалар 2001-жылы алмашкан. Жалпы стандартка ылайык, кызматкерлер атайын нормативдерди да тапшырып жатышат. Эгерде полиция кызматкерлери ашык салмактуу болсо, аны өз ыктыяры менен жумуштан кетүүсүн суранабыз", - деп билдирген Касымов.
Ошондой эле өкмөт башчысы форма азыркы тапта иштелип жатканын жана азырынча көрсөтүлбөй турганын кошумчалаган.