ЭЛДИК КАБАР: Күздүн керемет кооздугуна бөлөнгүңүз келеби? Анда Баткенге жөнөңүз

"ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман Баткендеги көз жоосун алган өрүкзардын кооздугун чагылдырган сүрөттөр менен бөлүштү.

"Берекелүү күз өрүкзарлуу Баткен аймагын кооздукка бөлөп турган учур. Айлана азыр өзгөчө көрктүү. Өрүктөрдүн, теректердин жашыл, сары жалбырактары кубулуп, табият алда канча жагымдуу. Жаратылыш акындар ыр жазып жиберчүдөй болуп турат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
zzz---zzz
2018-10-26 16:38:58
Теректер оруко айланганбф же орук тереке айланганбы
-5
deva
2018-10-26 16:52:18
zzz---zzz, ошону айтсан мен чочуп кеттим
-7
Azatbek.Svoboda.
2018-10-26 16:53:11
Орук зар Терек зар деп койсо болмок.Же башка тема койсо болмок.Макул эмнеси болсода сонун!
-8
Tansuluu09
2018-10-26 17:05:27
Керемет! Жогорудагылар окубай эле жаза бергендердин катарына кирет!
+6
bakytkg007
2018-10-26 17:08:11
Ой супер инфооооо теманы силер койосунарго акыры караштырып койгула да
-2
Nuraruu5
2018-10-26 17:11:14
Ииииии ушул силерди,)))) жакшы нерсени көрбөйсүңөр только ката таап эле туруп аласыңар, айлананын кооздугуна суктанып бүтө электе настроение кыласыңар адамды. Жан дүйнөңордү тазарткылачы
+6
Respect.
2018-10-26 17:18:36
Бир түп өрүк турат за то)))
-1
raykray
2018-10-26 17:20:23
Орукзар деген айыл, орукзар деген менен орук теректердин жалбырагы деп туратко?! Эмне мынча конул тушуруп турасынар достор?
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан