Индияда порнографиялык сайттарды колдонууга тыюу салынды

Индия Республикасында порнографиялык сайттар жабылат. Батыш маалымат булактарынын жазганына таянсак, аталган өлкөнүн бийлиги интернет таратуучуларга уят видеолорду, сүрөттөрдү көрсөткөн 827 сайтты жабууну буюрган.

Белгилүү болгондой, Телекоммуникация департаменти тез аранын ичинде порнографиялык сайттарды жабуу керек деген расмий маалымат тараткан. Мындай тапшырыктан кийин өлкөнүн Башкы соту 857 интернет порталынын ишмердүүлүгүн токтотуу чечимин караган. Бирок Коммуникация жана маалыматтык технология министрлиги экспертиза дайындап, 30 сайт порнографиялык багытта иш алып барбай турганын аныктаган.

Буга чейин 857 порнографиялык сайттар 2015-жылы эле жабылышы керек деп табылган. Бирок коомдук нааразычылыктан улам сайттарды жабуу мүмкүн болгон эмес. Мындан улам өлкө бийлиги колдонуучуларга чектөө гана киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Benazir08
2018-10-27 11:50:41
Мынча жакшы. Бизде болор болбос нерсеге баш оорутуп бириникин бири чукуп атышат. Андан коро ушуга окшогонго, зордуктоолорго олум жазасын, базардын баасын, клиникалардын приемдорун текшеришпейби ушуга окшогонду ойлонуш керек ырчыларга да чектоо коюш керек ажина бп жинди бп атышат эрин эрге текесин текеге кызын кызга кошуп болуп ана Кайратка окшогондорду Мергенди да чачыны кырк кызыл кийбе дешсин
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан