Мьянмада өткөн "Miss Grand International-2018" сулуулар сынагынын катышуучусу сахнадан эсин жоготту. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, парагвайлык катышуучу жеңүүчү экенин укканда катуу толкунданып эсин жоготкон.
Маалым болгондой, 25 жаштагы Клара Роса сынактын финалында Индиядан келген сулуу менен атаандашкан. Калыстар тобунун чечими чыкканча катышуучулар сахнада турган. Сынактын алып баруучусу жеңүүчүнүн ысымын атаганда ал кубанганынан эсин жоготкон.
Бир нече убакыттан кийин эсине келген Клара Роса сахнага чыгып, таажыны тагынган. Мындан тышкары жеңүүчү 40 миң доллар акчалай байгеге ээ болуп, сынактын уюштуруучулары менен келишим түзгөн.
"Miss Grand International" сулуулар сынагы 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет. Аталган сынак "Аалам сулуусу", "Дүйнө сулуусу" сынактары менен бирдей даражада.