"Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын дарыгерлери бейтаптарды 2 сааттан ашык убакыт күттүрүп, балдар ыйлап, кыйналып жатса дагы шашпай жүрүшөт". Мындай билдирүүсүн окурман "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө жиберген. Ал ооруканага кечинде барганын айтып буларга токтолду.
"Инфекциялык ооруканага кызымды алып келсем кезекке тургандар көп экен. Мага чейин келгендер дарыгерлерди күтүп жатканына 2 саат болгонун айтты. Эмнеге күттүрүп жатканын билели деп дарыгерлер отурган бөлмөгө барсак "карап жатабыз, колубуздан келгенин кылып жатабыз" дешти. Бейтаптардын арасында кичинекей балдар дагы бар. Алар кыйналып, ыйлап жатышат. Дагы бир маселе, оорукананын көрсөткөн тартибинде күндүзгү саат 14:00дөн таң атканга чейин 3 дарыгер иштеши керек деп турат. Жадакалса дем алыш, майрам күндөрү дагы 3 дарыгер иш ордунда болуш керек экен. Дарыгерлерге муктаж болуп жаткан учурда эмнеге көрсөтүлгөн тартипте иштебейт? Анан дагы бир бейтапты узак убакытта кабыл алып жатат", - дейт каарманыбыз.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.