Орусиялык "Nmiland" интернет-аукционунда кыргыздын 100 сом номиналындагы купюрасы 8 миң рублга сатылууда.
Өз наркынан 80 эсе кымбат сатылып жаткан купюранын баасын адистер бул атайын тираждагы акча деп түшүндүрүшкөн. Аталган купюра эски акчаларды алмаштырууда өтө аз санда жасалган жана купюраларды чогулткандардын арасында жогору бааланат.