Кытайдагы Сычуань провинциясынын бийлик өкүлдөрү пандаларга байланыштуу бардык коммерциялык иштерге тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, бийлик өкүлдөрү бул кадам менен жаныбарларды адамдан жугуучу ар кандай оорулардан сактоону көздөөдө. Пандаларды коргоо уюмдары көптөн бери бул демилгени көтөрүп, жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарларга адамдардан ар кандай оорулар жугарын айтып келишкен.
Мындан ары пандалар кармалуучу ар кандай коруктарда, зоопарктарда алар менен сүрөткө түшүүгө жана кол менен тамак берүүгө тыюу салынды.