Депутат: "Дүйнөлүк практикада аңчылыкка тыюу салган мисалдар көп, Кытайда буга катаал чаралар каралган"

Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болуп өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, көз карандысыз эксперттер, экологдор, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Депутат Эмил Токтошев жапайы жаратылышты жөн эле кырып-жоюуга болбой турганына токтолду. Ал дүйнөлүк практикада аңчылыкка тыюу салынган мисалдар көптүгүн, маселен, коңшу Кытайда жапайы жандыктарды аткандыгы үчүн катаал чаралар каралгандыгын билдирди.

"Жапайы ача туяктуу жаныбарларды атуу менен мергенчилер жаныбарлардын ар түрдүүлүк популяциясын кыскартууда. Муну менен алар жапайы жаныбарлар дүйнөсүнө кайра оңдолгус зыян келтирип жатышат. Буга байланыштуу “Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору менен 2020-жылдан 2030-жылга чейин өлкөнүн бардык аймагында жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө мораторий киргизүү демилгеленип жатат",- дейт Токтошев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altyn10076
2018-10-29 10:14:07
Туура коргош керек элден чондорго уруксат бериш керек же андай эмеспи жепжутатар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан