25 талапкер ат салышкан Грузия президенттик шайлоосу кечээ, 28-октябрда кечинде аяктап, добуштар саналууда. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, добуш берүү жергиликтүү убакыт менен кечээ саат 20:00дө токтогон. Бул президенттик шайлоого 25 талапкер ат салышкан. "Edison Research" изилдөө уюму өз сурамжылоосу таянуу менен кимдин канча пайыз алганын жарыя кылды. Уюмдун маалыматы боюнча, оппозициялык “Күч бирдикте” биримдигинин талапкери Григол Вашадзе 40 пайыз, бийликтеги “Грузин кыялы” колдогон талапкер Саломе Зурабишвили 40 пайыз, “Европалык Грузия” партиясынын талапкери Давид Бакрадзе 10 пайыз добуш алышы мүмкүн экени болжолдонгон.
Грузия мыйзамына ылайык, 50 пайыздан көп добуш алган талапкер жеңишке жетет. Грузиянын учурдагы президенти Георгий Маргвелашвили бул президенттик шайлоого катышкан эмес.