Футбол боюнча улуттук курамдын жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков клубун алмаштырды. Бул тууралуу улуттук Футбол федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бахтияр Дүйшөбеков мындан ары Бангладештин Жогорку Лигасындагы “Башундхара Кингс” клубунда ойнойт. Оюнчу бангладештик клуб менен 1 жылга келишим түзүп, 20-номерде ойнойт.
“Башундхара Кингс” клубу 5 жыл мурда негизделген. Өткөн сезондо Бангладеш чемпиондугунун 2-дивизионунда чемпиондукка жетишип, бул сезондо биринчи жолу Жогорку Лигада ойноо укугуна ээ болгон.
Дүйшөбеков футболдук карьерасын 2010-жылы "Абдыш-Ата" клубунан баштап, анын курамында 2015-жылга чейин ойногон. Ал эми 2016-жылы Беларустун "Крумкачы" клубунун курамында бир жыл оюн өткөрөт. 2017-жылы Түркиянын "Егирдирспор" клубунун курамында ойноп, ошол эле жылы кайра "Абдыш-Ата" клубуна кайтып келген. Ал эми 2017-жылы "Дордой" клубуна өтүп, бир жыл ойногон соң Малайзиянын “Келантан”
клубуна өткөн.
Кошумчалай кетсек, Бахтияр Дүйшөбеков улуттук курамда 2015-жылдан бери ойноп келет.