Өзбекстанда эгин талааларына сууну өз убагында жеткирбегендерди суу кечтирип жазалашкан деген сүрөт талкууланууда

Пахта талаасындагы арыкта тизесинен суу кечип турган кишилердин сүрөтү интернет колдонуучулардын арасында кызуу талкуу жаратты.

Көпчүлүк колдонуучулар аталган сүрөт Өзбекстанда тартылганын жана андагы адамдар фермерлер экенин айтышкан. Ошондой эле алар план аткара албай калгандыгы үчүн жазалангандыгы жазылган. Жергиликтүү маалымат каражаттарында жазылгандай, бул сүрөткө дароо Өзбекстандын Эмгек министрлиги көңүл буруп, териштирүү жүргүзөрүн жана сүрөт тууралуу маалымат билгендерди министрликке кайрылуусун өтүнгөн.

Кийинчерээк сүрөттөгү адамдардын ким экендиги белгилүү болгон. Маалыматтарга караганда, өлкөнүн вице-премьер-министри Зоир Мирзаев Аккурган районундагы ферма жетекчилерин, Айыл жана суу чарба министрлигинин өкүлдөрүн өз убагында эгин талааларына суу жеткирбегендиктери үчүн ушундай жол менен жазалоону чечкен.

Айта кетсек, Зоир Мирзаев 2018-жылдын февраль айына чейин Айыл жана суу чарба министрлигин жетектеп турган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aiba.8327
2018-10-29 11:08:20
Оо каттуу каттуу мына ушундай тартип керек да бизге да .....
+14
Janyjol.86
2018-10-29 11:10:53
Жазалоонун эн жакшы жолу
+13
bars_wire
2018-10-29 11:29:07
жазалаганы жакшыго.бирок башына муздак тееп.ден соолуктары кантти экен.
+5
Koichuman
2018-10-29 11:38:47
Биздикилер ушундай да кыла алышбайт.
+8
baha123123
2018-10-29 12:03:47
Koichuman,оа кыла алышпайт бирдеке болсо эле которулушко чыга коёбуз
+5
barakcha
2018-10-29 12:04:00
Жестоко наказали!
+4
Benazir08
2018-10-29 12:08:11
Ото сонун иш кылышыптыр рас гана кылыптыр. Биздин 120кресло алабыз дегендердин ХХХХХХХХХХ керек. ХХХХХХХ
+1
admin_superstan
2018-10-29 12:48:16
Benazir08, этика нормаларын сактаңыз!
0
ice87
2018-10-29 13:38:24
Эн туура!
0
Kgda
2018-10-29 14:00:32
Чушш бизде сизде дей бербегиле, эгер бизгеда ушундай закон келсе эл да кыйналат, чондорду жазалаган башчылар элди жон койот дейсинерби? Бизде демократия бар ошого шугур кылайлы, каалагандай суйлоп каалагандай жашап атабыз, мвндайдан кудай сактасын азыркы жашообуз беиш биздики, тажиктер кафеде туулган кун откозолбай калды айт майрамын майрамдай албай калды, тообо кылайлы туугандар.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан