Тажикстандын Хожент шаарынын Азиза Бобожонова аттуу тургуну 17-сентябрь күнү туулган күнүн белгилөө үчүн жергиликтүү ресторандардын бирине 6 курбу кызын чакырган. Ал бул күнү 25 жашка чыгып жаткан. Бул жоругу үчүн туулган күн ээсине прокуратура тарабынан жакын арада 5 миң сомони (болжол менен 37 миң сом) айып салынды.
Жергиликтүү маалымат булактарынын жазганына таянсак, ага туулган күнүн туугандарынын курчоосунда эмес, курбуларынын арасында тоскону үчүн айып салынган. Тажикстандын "Салттар, мааракелер жана ырымдар тартиби" мыйзам нормаларынын 8-беренесине ылайык, туулган күндү үй-бүлө мүчөлөрүнүн курчоосунда гана белгилөө шарт.
Аталган мыйзамга 2017-жылдын август айында толуктоолор жана түзөтүү киргизилген. Эгерде бийлик мүчөлөрү, облустук, райондук, шаардык башкармалыкта иштегендер жана башка мамлекеттик кызматкерлер, соттор, прокуратура органдарында иштегендер, ички иштер жана коопсуздукту камсыздоо тармагында эмгектенгендер, каржы көзөмөлүндө, коррупция менен күрөшүүчү мекемелерде, салык, бажы тармагында эмгектенгендер же алардын туугандары аталган мыйзамдагы нормаларды бузса, токтоосуз иштен айдалат.