"Менин акыркы мөөнөтүм". Ангела Меркель шайлоого катышпай турганын жарыялады

Ангела Меркель өзүнүн мөөнөтү аяктаган соң 5-мөөнөткө канцлер болуу үчүн шайлоого катышпайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Меркель өзү жетектеген "Христиан-демократиялык биримдик” (ХДБ) партиясынын башчылыгынан да кете турганын Берлиндеги партиянын жыйынында билдирген.

Жыйында ал 28-октябрда өткөн Гессен аймагындагы шайлоодо ХДБ мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу начар натыйжага жеткенин айтып, “Партия элди ынандыра алган жок” деген. Ошондой эле Меркель 2021-жылкы шайлоого катышпай турганын айткан.

Ангела Меркель ХДБны 2000-жылдан бери башкарып келет. Ал Германияда 2005-жылкы жалпы шайлоодон кийин өлкө тарыхында биринчи аял канцлер болуп шайланып, 13 жылдан бери бул кызматты аркалап келет. Анын мөөнөтү 2021-жылы аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kgda
2018-10-30 09:07:00
Кетпесе да болбой калды эле 13 жыл плюс 3 жыл дагы 16 жыл башкарган болот экен ошондо. Меркел ото акылдуу айым экен был эткизбей башкарды жана оз сыйы менен кетем деп убада бериптир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан