Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Селена Гомести артка калтырып, Инстаграмдагы эң популярдуу адам аталды

Кечээ, 29-октябрда португалиялык футболчу Криштиану Роналду Инстаграм социалдык тармагындагы эң популярдуу адам болуп эсептелинген америкалык ырчы Селена Гомести артка калтыра алды.
Белгилүү болгондой, Селена Гомес 2016-жылдан бери Инстаграмдагы эң көп катталуучулары бар адам катары эсептелинип келген.
Азыркы тапта ырчынын баракчасына 144 миллион 33 миң адам катталган болсо, спортчунун баракчасына 144 миллион 36 миң адам катталган.
Айта кетсек, Криштиану Роналдунун "Ювентус" футболдук клубунун формасы менен түшкөн сүрөтү 11 миллион 5 миң "жакты" белгисин алып, Инстаграм социалдык тармагындагы эң көп "жакты" белгисин алган 4-сүрөт болгон.
Август айында инстаграмдагы пост үчүн Селена Гомес 800 миң доллар, ал эми Криштиану Роналду 750 миң доллар алары маалым болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
madina.87
2018-10-30 09:39:13
Анжела менен Самка укпасын,чүүүүшшшш
+15
evidens
2018-10-30 09:54:16
Эми ошончо адам катталсале муйуз чыгабы ?))))
-1
milan-707
2018-10-30 09:56:49
evidens,хаха тура айтасын
0
Artyr1994
2018-10-30 10:42:39
evidens,муйуз чыкбайт, бирок акча тушот. Катталган адамдын санына карап лайк баскандарга карап туруп.
+5
Paprikafm
2018-10-30 10:10:27
Сураныч жазып койгулачы, инстадан роналдуну таппаймго, билгендер жазып койгулачы
-2
Steven
2018-10-30 11:02:01
Paprikafm,кристина роналду деп жазсан))
-2
Azat.97
2018-10-30 11:03:03
Paprikafm,cristiano
-1
Djumahmatov
2018-10-30 15:37:52
Paprikafm,144 миллион 36 мин 1 чи сиз болот экенсиз буюрса
0
Dembele84
2018-10-30 19:55:29
Бир пост жазып коюп,акчаны эсептеп отура бере турган да болуп калышты уже.Бузова эле 13млн подписчиги менен бир постко 300000рубль,товарды реклама кылышына 200000рубль алат экен.Эми наркы дуйно жылдыздарын айтпай эле койоюн )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан