Samsung компаниясынын эс-тутуму 512 гигабайт болгон картасы сатыкка чыкты. Баасы телефондун баасына барабар

Samsung компаниясынын эс тутуму 512 гигабайттык картасы сатыкка чыкты. Аталган карта microSD форматында болуп, ага 24 саат 4K форматындагы видео, 150 миңден ашуун сүрөт же 77 миң музыкалык трек батат. Азыркы тапта эс-тутум картасы сатыкка чыгып, баасы дагы кымбат болду.

512 гигабайттык Samsung Evo Plus аттуу эс-тутум картасы толугу менен суудан корголуп жана 10 жылдык кепилдик менен камсыздалган. Evo Plus ар түрдүү смартфондорго, камераларга жана башка техникага колдонууга болот.

Samsung компаниясынын сайтында аталган эс-тутум картасынын баасы 330 долларды (22 миң 900 сом) түзөт. Салыштырсак, ушундай эле баага 2018-жылы чыккан Samsung А8, Хiaomi Рocophone же Huawei P20 Lite смартфондорун сатып алууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан