Бүгүн, 30-октябрда ырчы Курал Чокоев менен жубайы Жанаранын үйлөнүү үлпөт тою өтүп жатат. Учурда түгөйлөр достору, курбулары, жакындары менен Бишкек шаарынын четиндеги эс алуучу комплексте сейилдеп жүрүшөт. Алардын жакшылыгындагы кубанычы менен бөлүшүү үчүн чыгармачылыктагы достору да келген. Анын арасында рэп ырчысы Добр, ырчылар Ильяз Андаш, Кайрат Примбердиев жана анын жубайы, ошондой эле шоумен Манас Алыкулов жана башкалар бар. Алар түгөйлөрдүн нике күбөлүгүн алганга күбө болушту.
Кечинде үйлөнүү той шаардагы ресторандардын биринде улантылат.
Эске салсак, 24-сентябрда ырчы Курал Чокоев бойдокчулук менен коштошуп, Чолпон-Ата шаарында кыз узатуу тою өтүп, андан соң жубайын өз үйүнө алып кеткен. Ырчынын сүйүктүүсү 27 жашта. Түгөйлөр Ысык-Көлдө эс алуу учурунда таанышкан. Курал Чокоев жайында сүйүктүүсү менен чогуу Түркияда эс алып, ошол жактан колун сураган.
Түгөйлөрдүн үйлөнүү тоюнан кызыктуу көз ирмемдерди "Супер-Инфо" гезитинин кезектеги санынан окуй аласыздар. Мындан тышкары кененирээк видеорепортажды SUPER.TV'дан көрө аласыздар.